7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

298 млн доллар. Эл аралык Арбитраждык сот чет элдик инвестордун доосун четке какты

705

Эл аралык Арбитраждык сот «MegaCom» боюнча калыс чечим чыгарып, кыргыз коомчулугунун «Эл аралык соттон жеңилебиз» -деген кооптонуусун жайгарды.

Министрлер Кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору билдирген маалыматка ылайык,  8-октябрда «Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы» иши боюнча Жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылган.  Ага ылайык, доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган.

Арбитраж сот доогер Кыргыз Республикасына инвестиция кылууда бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык ишке барганын моюндаган.

Доогер, Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, инвестициясын MegaCom компаниясы тартып алган деп, 298 млн АКШ долларын өндүрүп берүүнү талап кылган.

Борбор белгилегендей, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат. Аталган чечим Кыргыз Республикасы кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу ак ниет чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Бул маанилүү жеңиш Министрлер Кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борборунун командасынын жана Кыргыз Республикасы тарабынан тартылган юридикалык өкүлдөрдүн – Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын ырааттуу жана натыйжалуу ишине жараша орун алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706