7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1 -декабрдан тарта вируска байланыштуу чектөөлөр киргизилет

6082

Жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн Санкт-Петербургда чектөөлөрдү киргизет. Бул тууралуу шаардын губернаторунун орун басары Борис Пиотровски билдирди.

Маалыматка ылайык, 15 -ноябрдан тарта чектөөлөр бассейндерге, фитнес -борборлорго, театрларга, кинотеатрларга, музей жана цирктерге да колдонулат. 5 миллионго жакын калкы бар шаарда чектөөлөр ресторандарга жана көпчүлүк дүкөндөргө 1 -декабрдан тарта киргизилет.

«1 -ноябрдан тартып 40тан ашуун киши катышкан чоң спорттук же маданий иш-чараларга катышуу үчүн адамдар QR штрих кодун көрсөтүшү керек. Толук эмдөөдөн өткөн же акыркы 72 саатта COVID-19 вирусу жоктугун тастыктаган тестти көргөзгөн адамдар QR кодун алууга укуктуу болот»,- дейт шаардык губернаторунун орун басары.

Станциялардагы жана аэропорттордогу кафелер, дарыканалар жана азык -түлүк саткан дүкөндөр чектөөлөрдөн бошотулат.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург коронавирус жукканы жаңы аныкталгандардын саны боюнча Москвадан кийинки экинчи орунда турат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6083