7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгер коррупциялык фактыларга күбө болсоңуз дароо мэрияга чалыңыз!

1015

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык системада иштеген кызматкерлердин коррупциялык аракеттери тууралуу маалымат берүүнү суранат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, мэрия Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык тобокелчилик көрүнүштөрүнүн тизмесин иштеп чыккан жана бекиткен. Учурда Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу Муниципалдык менчик башкармалыгында жана Жер ресурстары башкармалыгындагы коррупциялык тобокелдиктерге жана схемаларга анализ жүргүзүштү. Жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди алуу боюнча деталдуу план иштелип чыккан.

Ошондой эле, азыр айрым муниципалдык ишканаларда аудиттик текшерүү жүргүзүлүүдө. Жыйынтыктары боюнча сөзсүз маалымат берилет. Жакын арада башка структуралык бөлүмдөрдө да ушундай текшерүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жана анализ уланууда.

«Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз коррупциялык фактыларга күбө болсоңуз, муниципалитеттин колл-борборуна фото жана видео фактыларды жөнөтүүнү суранабыз: 0554 182-185 же 1840 жана 1850 номурларына чалыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1016