Бишкекте төрөлгөн үч эмди төрөтканадан чыгаруу үчүн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова барды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда төрөтканадан 3 эм чыгарылган.
«Үч эм наристелерибизге чемпион болгон кыздарыбыздын ысымын ыйгардык. Айсулуу, Айпери жана Мээримдикин уйкаш болсун деп Ай-Мээрим деп койдук. Наристелеримди 5-октябрь күнү Дүйнө чемпиондугу башталганда жарык дүйнөгө алып келдим. Салмактары 1 килограмм 800 грамм, 2 килограмм 160 грамм жана 2 килограмм 170 грамм», — деп билдирген үч эмдин апасы.
Эскерте кетсек, 5-октябрда үч эм жарык дүйнөгө келген. Аларга балбан кыздар Айсулуу Тыныбекованын, Айпери Медет кызынын жана Мээрим Жуманазарованын ысымы коюлган.