24-октябрда Бишкекте веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 11:00гө чейин шаардын Байтик баатыр көчөсүнөн Токомбаев көчөсү менен Нуркамал көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгү жабылат.
Шаардык мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.