Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Ж.Алымбабаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда ачык аянтта 550 түк жыйылган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 01:10до чектөөгө алынып, 04:12де толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.