Ноокатта азык-түлүк саткан жыгач устундуу тунуке менен жабылган дүкөндүн чатырынын 108 чарчы метр аянты күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дүкөн Ноокаттын Гүлстан айылында жайгашкан.
“Өрт саат 02:13тө чектөөгө алынып, 02:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок”, — деп берилет маалыматта.