Коррупция менен алектенген чек арачылардын башчылары кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Достук-унаажолу» текшерип өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталган.
2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Достук-унаажолу» текшерип өткөрмө пунктунун башчысы «А.Э.», КР УКМК Ош областы боюнча чек ара кызматынын башчысы «Ч.Н.», жана ошондой эле КР УКМК чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары «К.Б.» кармалды.
Алар УКМК Ош областук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram