Ошто 2002-жылкы кызды ала качкандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ 19-октябрда белгисиз жарандар кызды күч колдонуп унаага салып кеткенин милицияга кабарлашкан.
Кыз унаанын терезесин ачып «жардам бергиле» деп кыйкырып, аны уккан кызматкерлер дароо унааны токтотушуп, жарым сааттын ичинде Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылына жеткенде кармалган.
Жабырлануучу 2002-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну К.Ж атту кыз болгон. Кызды ала качкандар Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган К. у. А. жана 1996-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургундар.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош ШИИБине өткөрүлүп берилген.