7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акимдер менен мэрлерди Президент дайындайт. Мыйзамга кол коюлду

858

Президент Садыр Жапаров  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мыйзамга жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин көтөрүү максатында кол коюлду, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдар консолидацияланды.

Аким кызматка Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде Президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин, кызматка дайындоо укугу берилди.

Мындан тышкары, аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

Облустук жана республикалык маанидеги шаар мэрлерин Президент дайындайт.

Квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчилерди кызматка тартуу максатында аким, анын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Аким, мэр жана айыл өкмөт кызмат ордуна талапкерлерге Мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган.

Районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлүп жатат.

Акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча отчетторун угуу укугу берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859