1 миллиарддан ашуун адам Индияда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Индиянын саламаттык сактоо министри Мансух Мандавия билдирип, «Индияны куттуктайм!” – деп жазган твиттер баракчасына.
Индия 1 миллиарддан ашуун калкы коронавируска каршы эмделген экинчи өлкө болуп калды.
Эскерте кетсек, сентябрдын башында Кытай бийлиги эмделгендердин саны 1 млрд адамга жеткенин жарыялаган.