АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өзүнүн “TRUTH Social” социалдык тармагынын чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын ноябрь айында TRUTH Social социалдык тармагынын бета версиясы колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болору айтылып, кийинки жылдын башында эл алдына чыгарыларын 20-октябрда Trump Media & Technology Group компаниясы билдирди.
«Твиттер» менен «Фейсбук» мурдагы президденттин аккаунттарын былтыр 6-январда Капитолийге болгон чабуулдан кийин блоктоп салышкан.
Трамп «Твиттер» талибдерге кеңири аянтча берип, ал эми силер жакшы көргөн президенттин үнүн басып койгону кабыл алынгыс», — деп айткан.
Эскерте кетсек, анын фейсбуктагы аккаунту эки жылга жабылганын айтып, бир жылдан бери Трамп социалдык тармактарга кайтуунун аракетин көрүп келген.