7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды, жолдо калган айдоочулар бар

1865

21-октябрдан 22сине каргана түнү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап баштады. Тоолуу райондордо жамгыр карга айланган.

Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жааган карды шамал учуруп, жол ширендиге толуп унааларды каттоосуна тоскоолдук жараткан. Түнкүсүн унаалардын аягы көрүнбөгөң тыгыны жаралды.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы, жол кайгуул кызматынын инспекторлору таң атпай жол тазалоо иштери баштаганын кабарлайт.

«22-октябрь саат 08:30дан баштап Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Арал» стационардык постунан Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, бардык унаалардын түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Азыркы учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте тынымсыз тазалоо иштери жүрүп жатат» -деп билдирет.

Ал эми Төө-Ашуу ашууну жана  Суусамыр өрөөнүндөгү жолдун абалын Чүй ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы көзөмөл кылууда.

«Жол кырсыктарын адын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында инеркттик материалдарды чачышып, жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Айдоочулар өтө этият болуп, ылдамдыкты сактап, каршы тилкеге ​​чыкпай, тоолуу аймактарда унаалардын ортосундагы аралыкты так сактоосу керек» -дешет.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1866