Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү саат 22.30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган өз үйүнөн 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып кетип кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылат.Бул факты Баткен РИИБне дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси Бужум айылынын тургуну 28жаштагы Ж.Н. кармалды.
ӨКМдин маалыматына караганда, маркум Өрүкзар көчөсүндөгү үйдүн ажатканасынан табылган. Ал жерге 13 куткаруучулары барып, аны чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Алдын ала маалыматка караганда, Жигитали менен жубайынын ортосунда уруш чыккан. Кылмышка шектелип кармалгандар анын аялынын бир туугандары. Алар Жигиталини өлтүрүп, денесин жиликтеп салышкан. Дененин бөлүктөрү ар кайсы жерден, анын ичинде
