Маалыматка ылайык, аталган айылдын 37 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 2008-жылы туулган баласы Баймурзаев Бекмырза Кылычбекович 18-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында Ак-Турпак айылында жайгашкан “Куран окуу борборунан” чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул факты Кадамжай РИИБне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 130-135см, чачы, кашы, көзү кара, жүзү буудай өңдүү, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.

Кийген кийимдери: ак түстөгү көйнөк, кара жемпир, кара түстөгү шым, көк түстөгү спорттук бут кийим, башында боз түстөгү кышкы шапка.

«Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү баланы таанып, жүргөн жерин билгендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0777 33-84-84», — деп айтылат маалыматта.