7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаарына 31 жаштагы жаңы мэр шайланды

635

Бүгүн, 22-октябрда, Нарын шаардык кеңеши Нарын шаарынын мэрлигине Арслан Сталбек уулунун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри кызматына 2 талапкер болгон, анын бири  Эмилбек Чымылдаков.

Сессияга 31 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Арслан Сталбек уулу 16, ал эми Эмилбек Чымылдаков 14 добушка ээ болгон. Бир депутат 2 талапкерге каршы добушун берген.

Арслан Сталбек уулу -1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары «Ала-Тоо» эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон.

Иш тажрыйбасы:

  • — 2021-жылы «М.СТАРД» курулуш компаниясынын директорунун орун басары;
  • — 2020-2021-жылдары С.Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • — 2017-2018-жылдары «Азия банкынын» насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • — 2016-2017-жылдары «Бакай банкынын» насыялык бөлүмүнүн башчысы;
  • — 2015-жылы «Бакай банкынын» насыялык эскперти;
  • — 2013-2015-жылдары KICB банкынын насыялык эскперти.

Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636