7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө көмүрдүн баасы 832 сомго кымбаттады. Аймактардагы баа

1033

Кыргызстанда көмүрдүн орточо керектөө баалары бир тонна үчүн 832,2 сомго же 18,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн — 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 9 486,8 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 8 937,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 485,3 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен — тоннасы 3 651,9 сомго же 2 эседен ашык, Баткен тоннасы 2 299,8 сомго же 34,6 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында — тоннасы 1 875,9 сомго же 39,4 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
                                                                                                           (бир тонна, сом)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1034