7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы Прокуратура Улан Аалиевдин кармалышы боюнча маалымат берди

3426

Прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, жогорудагы ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдаланышып сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

2021-жылдын 21-октябрында Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалышып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Бишкек: Октябрь РИИБинин жетекчиси кармалды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3427