№3 Кадамжай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Нурали Талиповдун атынан Кызыл-Булак айылындагы Көксал Топтан орто мектебинин окуучуларына мектеп формасын таратуу фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобу билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
№33 Нарындын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Бакасовдун атынан урандыларды төшөө менен катталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.