Бүгүн, 23-октябрь ушул учурда өлкө башчысы Садыр Жапаров массалык маалымат кызматынын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп жыл башынан бери жасалган иштер тууралуу маалымат берүүдө. Жыйын адаттагыдай эле суроо жооп менен коштолууда.
Анда Баткен медиасынын журналисти Мамажан Бердишев баткендеги чек ара маселесин сурады.
Журналист: — Эмне үчүн чек ара маселесин ушул учурга чейин чечпей олтурасыз? Май айында биздин 36 мекендешибиз каза болуп калды, даыг канчасы каза болуш керек? 2014-жылдан бери эле жаз-жай келиши менен эле чыр-чатактар башталат. Элибиз дагы күтүп жатат, эмдиги жылы да башталып кетпей бекен деп. Сиз өлкө президенти катары «Эмдиги жылы андай окуя болбойт»- деп кепилдик бере аласызбы?
Президент: — Мен чек араны бүгүн олтуруп чечип койгум келет. Бирок чек ара маселеси кыйын экен. Бул 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. 2009-жылы 3-мартта Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешин жетектек турган чакта, 4 көчөдөгү 275 мерт жерди тажиктердики экендигин таанып, бирок бизге 49 жылга ижарага берип тургула» деп кол коюп бериптир. Алар ушул кагазга таянып, биздин жерди талашып турат. Биз ага макул эмеспиз, бул документтин юридикалык күчү жок, талашып жатабыз.