7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1 жылдык кадамдар: Эми «алтын мандат» деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт

697

Бүгүн, 23-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өлкө башчы Садыр Жапаров журналисттерге пресс-конференция өткөрүп жатат. Ал бир жылдык иш-аракеттеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, журналисттерге кайрылуу менен сөз баштады.

«Бүгүн мен сиздердин катышууңуздар менен Кыргызстандын элине кайрылып, аткарылган жана аткарылчу иштер тууралуу кеңири маалымат берүүнү ылайык көрүп турам. Өзүңүздөр билесиздер башмыйзам боюнча жыл сайын курултай алдында маалымат беришибиз керек эле. Бирок, тилекке каршы курултай жөнүндө мыйзамдарыбыз кабыл алына элек. Ошол себептен сиздер аркылуу бир жылдык маалыматтарды берели деп турабыз», — дейт ал сөз башында.

Алгачкылардан болуп сөз коомдук-саясий кырдаал боюнча козголду.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, былтыркы — 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жалпы эл тааныбай, натыйжада өлкөнүн бийлиги алмашты. Бул окуялар коомдук-саясий туруктуулуктун бузулушуна алып келди. Ошондогу кыйын кырдаалда Ата-Журтубуздун бүтүндүгү жана тынчтыгы, калкыбыздын ынтымагы үчүн чукул кадамдарга бардык:

  • Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн узартууга мажбур болдук, жаңы Өкмөттү дайындадык. Натыйжада, абалды тез арада турукташтырууга жетиштик.
  • 2021-жылдын 10-январында болсо президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрдүк.
  • Референдумда Кыргызстан эли башкаруунун президенттик формасын тандап алды.
  • 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргызстан эли Баш мыйзамдын жаңы редакциясын – Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алды.

Анда өлкөбүз үчүн актуалдуу болгон бардык маселелер, элибиз туу туткан жана коомубуз умтулган баалуулуктар жактырылды. Шайлоо системасын өзгөртүү жана депутаттардын санын кыскартуу боюнча элдин талабы эске алынды. Ошону менен бирге тийиштүү мыйзамга кол коюлуп, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мындан ары аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү тууралуу жаңы жоболор каралды.

Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон, калк арасынан суурулуп чыккан эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан жана аны акча жасоонун, коррупциянын булагына айландырган эски, алдамчыл системаны жойдук.

Мурда партиялык лидерлер партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген доллар акчага баалап, партиялык идеяларга гана эмес, парламенттин табиятына кошо акаарат келтирсе, мындан ары «алтын мандат», «биринчи ондук», “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698