Садыр Жапаровдун айтымында, мурдагы жылдарга салыштырмалуу бюджеттин кирешелери өстү.
Анын айтымында, пандемия шартындагы кырдаалга карабастан, бардык социалдык төлөмдөр кечиктирилбестен өз убагында каржыланып жатат. Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешелери 129 млрд сомду түзүп, план 107 пайызга аткарылды. 2020-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешелери 43 пайызга өскөн.
Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 127,7 млрд сомго аткарылды жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. Ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштыргада 26 пайызга өстү. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен, учурдагы этапта бир катар бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларын, жөлөк пулдардын жана пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга мүмкүн болду. Алсак, ушул жылы саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50 пайызга чейин, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады.
Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга көбөйдү. Кийинки жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга, ошону менен катар эле Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын адистеринин эмгек акысы 40 пайызга жогорулайт жана мугалимдердикин дагы жогорулатабыз деген планыбыз бар.
Бюджет чөйрөсүндөгү башка кызматкерлердин да эмгек акыларын жогорулатуу иштери бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша улантылат.
Мындан тышкары ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөлөк пулдардын өлчөмдөрү ушул жылдын 1-октябрынан 50 пайызга көтөрүлгөн, 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 жана айрым категорияларга 200 пайызга жогорулатылат.
Ошондой эле пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлдү.