7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдердин статусун, айлыгын көтөрүү аракети 2022-жылы активдүү каралат

634

Социалдык чөйрө боюнча Садыр Жапаровдун берген маалыматында ушул жылы COVID-19 пандемиясы уланып, аны менен күрөшүү максатында бюджеттен 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөнү айтылат.

Анын айтымында, дээрлик 2 миң кызматкерге 372,0 млн сом, кайтыш болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпысынан 42,0 млн сом жумшалган.

Белгиленгендей, былтыр COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 350 млн АКШ доллары жардам көрсөтүлгөн. Тилекке каршы ал каражаттар максаттуу колдонулган эмес.

2020-2021 — жылдарда республика боюнча 47 мектеп жана 17 бала бакча курулду. Жакында бекитилген гранттык долбоордун негизинде 3 миң баланы камтыган кыска мөөнөттүү 60 бала бакча түзүлүп, керектүү жабдыктар менен камсыз болгону турат. Россия Федерациясы тарабынан Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн 7 облусунда 9 комплекстүү, заманбап билим берүү мекемелерин куруу иштери башталуу стадиясына жетти десек болот. Ошону менен бирге мектептердеги кесипкөй мугалимдердин жетишпей жатканы жана мугалимдерди даярдоонун сапатынын төмөндүгү бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө айланды. Албетте бул багытта мугалимдердин коомдогу статусун жана эмгек акысын жогорулатуу боюнча кийинки жылдан активдүү иштер жүргүзүлөт.

Ошондой эле баарыңыздарга белгилүү, өлкө тарыхында алгачкы жолу Кыргызстандын Баш мыйзамына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл институту киргизилди.

Институт тарабынан балдардын укуктарын коргоо боюнча нормалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүп, анын ишмердүүлүгүнүн негизинде кыска убакыт ичинде балдарга карата мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.

4 ай ичинде 3 кызматкер жумуштан бошоду, 10 кызматкерге административдик чаралар көрүлдү, бир катар кылмыш иштери козголду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635