“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.
«Жарандык, административдик, кылмыш – жаза иштери боюнча кепилденген юридикалык жардамдар берилип келген. Бирок, алар областтын борборлорунда гана болсо, эми бул мүмкүнчүлүк ар бир райондун аймагына жетип отурат. Укуктук кеп – кеңештерди берүүдө координациялык ишти алып баруучу өкүлдөр иштейт. Азыр алардын жалпы эсеби 422ни түзөт, — дейт Сыдыков.
Кабыл алынган мыйзам долбоордогу өзгөрүүлөр 50%га жетет, дээрлик жаңы редакция кабыл алынган. Андагы өзгөчөлүктөрдүн бири, юридикалык жардам алуучулардын категориясына зордук – зомбулуктан, адам сатуудан жабыр тарткандар да кошулган.
«Сот өндүрүшүндөгү юридикалык жардамдардын сапаты артып, мыйзам кабыл алынса айына тапкан кирешелери 9270 сомдон ашпаган жарандарга акысыз юридикалык жардам кепилдиги берилет. Калктын 60 – 70%ынын тапкан кирешеси ушул жогорудагы суммага барабар келерин, Улуттук статистика комитети тастыктап берди. Бирок, бул шарт дифференциалдуу каралат, — деп кошумчалады ал.
Айлык кирешелеринин жогорудагы суммасын эске албагандагы акысыз юридикалык жардам алуучулардын катарына аскер кызматындагылар, согуш ардагерлери менен ага теңдештирилген укуктагылар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер кирет.