“Биздин өлкөгө америкалык аскер базасынын кереги жок”, — деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстанда америкалык аскердик базаны жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып.
“Кантта Россиянын аскер базасы бар. 2014-жылы АКШ менен келишим токтотулган. Бизге бир гана аскер базасы жетиштүү. Биз эки держава менен мышык-чычкан ойногубуз келбейт”, — деп кошумчалады ал.