7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон «экс-президент» макамы алынбасын ачыктагы

755

Бүгүн, 23-октябрь өлкө башчысы Садыр Жапаров «Ала-Арча»  мамлекеттик резиденциясында  маалымат жыйын өткөрдү.  Журналист мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууга кандай көз карашта экендигин сурады.

Президент;

«Ал боюнча маселе жок, экс-президент бойдон калат. Биз президенттерди жоопко тартып, куугунтуктаган салтты токтотолучу. Анын өтө чоң кылмыштары деле жок. Албетте, саясий жактан жоопкерчиликтери бар», — деп жооп берди.

Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар пикетке чыгып, бийлик алмашкан.  Мөөнөтүнөн мурда, тынчтык жолу менен ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамын алган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756