Президент «Ала-Ара» резиденциясындагы маалымат жыйында шайлоо тууралуу суроолорго жооп берип жатып, талапкерге иштеген аким тууралуу маалымат келип жеткенин кабарлады.
» Эртең дем алыш, дүйшөмбү күнү ал аким иштен кетет. Мен ар бир акимден, жетекчиден талап кылам, шайлоого аралашпайт. Шайлоону таза өткөрүп бериши керек! Эгер кимдир бирөөгө иштеп жатканын байкасаңыздар айтыңыздар, кызматтан ошол замат кетирем«-дейт өлкө башчысы.
Президент иштен кете турган аким ким экендигин ачыктаган жок.