7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда жоголгон өспүрүм 5 күндөн кийин Кызыл-Кыядан табылды

1271

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылында жоголгон 13 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Turmush басылмасы Кадамжай РИИБге Бирлик айыл аймагына караштуу Ормош айылынын 37 жаштагы тургуну арыз менен кайрылгандыгын жазган. Анда 2008-жылы туулган уулу Баймурзаев Бекмырза Кылычбекович Ак-Турпак айылындагы Куран окуу борборунан 2021-жылдын 18-октябрында саат 13:30 чамасында чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Кадамжай РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен интөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 23-октябрда изделип жаткан Бекмырза Баймурзаев Кызыл-Кыя шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1272