7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Толгонай Арзыкеева: Биз ажыраштык, бирок ортобузда эч нерсе болгон эмес. Ушул мага маанилүү

9330

Ырчы Толгонай Арзыкеева менен Нурсултан Төлепберген эки ажырым жолго түшүштү. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн Instagram баракчасы жазды.

Анын айтымында, алар мыйзамдуу түрдө никеге турушкан.

«Бул менин акыркы постум… Азыр мага жеке жашоом тууралуу толтура жаман комментарийлер келет, эгер уруксат берсеңиздер кененирээк айта кетейин. Мен болочок жолдошум экөөбүз үч жылдан бери үйлөнөлү деп чечкенбиз. Көрсө биз адашып кадам жасап алыптырбыз. 3 жыл болгону менен баары аралыктан гана болгону анык.

Биз ажыраштык. Ким кандай ойлонуп, эмне деп айтпасын бирок мунун себеби — биздин мүнөзүбүз дал келбей койду. Ооба, биз мыйзам боюнча аял-күйөөсү катары каттоого турганбыз, бактыга жараша ортобузда эч нерсе болгон эмес. А кагаз иштери кандай болот мага маанилүү эмес, эң негизгиси бул — менин намысым. Андыктан, мындай кадамга баруу алдында «Мен аны жакшы тааныймынбы?», «Мен өзүмдү эркин сезе аламбы», — деген суроолорду берип көрүшүбүз керек.

P.S. Бул жагдайда эч ким күнөөлүү эмес. Мен ага жана анын үй-бүлөсүнө ыраазымын. Бул менин ажырашуу боюнча жазган акыркы постум. ЖМКлардан суранаарым, бул тема боюнча суроо берүүдөн алыс болуңуздар», — деп жазган ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9331