8-кабаттан боюн таштайм деген жигит 4 сааттан кийин секирип, көз жумду. Окуя Сүйөркулова жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдөн болгон.
Ал 17:00дө боюн таштап, жеринде көз жумду. Ал эми анын чатырда тургандыгы тууралуу маалымат 12:39да келип түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал 22 жашта болчу жана бир аз убакыт мурда сүйлөшкөн кызы менен уруша кеткен.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралы көрүлүп жатат.