7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9-кабаттан секирип каза болгон бала. ӨКМ эмнеге куткара алган жок?

1801

Бүгүн, 27-отябрда Бишкек шаарынын Байтик-Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатынан 22 жашагы жаш жигит секирип каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы, маалымат 12:30да келгенин, 10 адамдан турган куткаруу тобу тез жардам кызмты менен бирге жерине  чыгып кеткенин жазат.  Бирок, тилекке каршы 4 саат сүйлөшүп турган куткаруучу топ, күтүүсүз  секирип кетти деп алакан жайып туруп берди.

Окуя катталган жерде куткаруучулар менен чогуу ИИМ кызматкерлери, 2 психолог да  болгон.

«Маркум 9-кабаттан секирген соң да тирүү эле, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага бара жатып каза болду»- дешет.

1999-жылы туулган Т.М. сүйлөшкөн кызы менен урушуп кетип, өз өмүрүнө кол салмак болгонун айткан.

Сүйлөшүү 4 саатка созулгандыктан имараттын айланасына көптөгөн жарандар чогулуп, айрымдар алыстан дрон менен тасмага тартууга да үлгүргөн.

Интернет колдонуучулар ӨКМ куткаруучуларынын ишин сынга алып, «шалаакылык»- деп баалоодо.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы бул факт боюнча ички иликтөө жүргүзүлөөрүн жарыялады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1802