Өлкөдө 28-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталып, 100 адам илдеттен сакайып чыккан. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, COVID-19дан эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.
Жуктургандар:
Бишкек шаарында – 64,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 29,
Ош облусунда – 4,
Талас облусунда – 3,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 13,
Жалал-Абад облусунда – 5,
Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 180 миң 989 адам коронавирус жуктурган.