Индиядан келген жаранды чечиндирип тоноп кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 19-октябрда ал жаран милицияга кайрылып, Москва көчөсүндө белгисиз адамдар аны коркутуп, 3 миң АКШ долларын, 7 миң сомун, төрт iPhone телефонун, дагы үч Redmi телефонун, ноутбук, наушник, саат, куртка, футболка жана бут кийимин алып кетишкендигин билдирген.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин («Каракчылык») негизинде реестерге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ленин райондук соту төрт шектүүнү Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, 17 жаштагы Н.О., ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берген.
Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.