7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү

562

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкөгө COVAX глобалдык демилгелер алкагында 259 миң доза Phizer жана 111,600 доза Sinofarm вакцинасын алып келүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Кеңешмеде учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланып, аймактардагы вакцинациялоо темпи жана билим берүү мекемелериндеги абал тууралуу маалымат угулду.

Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасына тийиштүү маселе талкууланып, калктын социалдык жактан аяр катмарына ПЦР-анализдерди акысыз негизде, же жеңилдиктер аркылуу берүү сунушу каралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563