Күйөрманы менен түшкөн сүрөтүн Айсулуу Тыныбекова өзүнүн Инстаграм социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.
Эске салсак, социалдык тармактарда Таласта кичинекей Жасмин аттуу кыздын күрөшүп, атаандашын бир нече жолу оодарганы тууралуу видеосу тараган болчу. Ал коомчулуктун кызыгуусун арттырып, Айсулуу Тыныбекова аны менен онлайн сүйлөшкөн.
Кийинчерээк видео менен Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова инстаграм баракчасынан бөлүшүп, Жасмин аттуу кызга байланыша тургандыгын убадалаган. Кийин жаш балбан кыз Жасминдин телефондон сүйлөшкөн видеосун апасы Зарина Миршакирова социалдык тармактардан бөлүшкөн.
Видеодо 9 жашар балбан кыз Айсулуу менен сүйлөшүп жатып ыйлап жиберген. Сүйлөшүү 10 мүнөттөй болгон. Ал убакыт аралыгында Тыныбекова Жасминге кеңеш менен кошо мотивация берген. Сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекова Ысык-Көлдөгү машыгуулары бүткөн соң, өспүрүм менен көзмө-көз кездешээрин убадалаган.