Алай районунун Тайгак Таш участкасында жайгашкан көмүр кенин чалгындоо иштери башталган. Бирок ага жергиликтүү тургундар каршы чыгышууда. Бүгүн усаткага жакын Согонду айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Тынчтык митингинде тиешелүу кызматтардан оң жооп болбогондуктан, элдер 7-канал аркылуу президентке кайрылуу жолдоп, чалгындоо иштерине берилген лицензияны жокко чыгарууну суранышууда.
Жергиликтүү эл көмүр кени ачылса кайталангыс кооз табияттан айрылып калабыз деп кооптонушууда. Кала берсе кендин аймагына жакын жерде тургундардын жер участкалары бар. Калдыктары ташталып Гүлчө суусу булганышы мүмкүн деген жүйөөлөрдү келтиришти.
Алай районунун Тайгак таш участкасынан 119 гектар жерге чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн «Бикипинг» компаниясына уруксат берилген. Юстиция министрлигинде аталган компаниянын ээси катары Лю Пужун аттуу кытайлык ишкер жана ушул эле Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Мустафа Турганбаевдер көрсөтүлгөн.
Лицензия алынганына 6 жыл болгону менен компания элдин нааразычылыгынан улам иш жасай албай келген. Согонду айылынын тургундары буга чейин 4 жолу нааразычылкка чогулуп жогоруда айтылган талаптарын коюшкан. Элдин каршы чыгып жаткандыгы боюнча проктокол түзулуп жергиликтүу бийлик өкүлдөруно тапшырылат.
Бирок жолдонгон каттын жообу берилбей, кайдыгер мамиле жасалып жатканын айтышууда. Элдин үнүн угууга келген бийлик өкүлдөрү бул жолу да мыйзамдуу экенин негиз кылышты. Ал эми тургундар акыркы үмүт өлкө башчыда калганын айтып кайрылуу жолдошту. Кенди чалгындоо лицензиясын жокко чыгарууну суранып кат жиберилди.
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылында 3 миңге чукул калк жашайт. Алай районундагы башка көмүр кендер калктуу конуштан алыс жайгашкан, ал эми соз болуп жаткан Тайгак таш айылга жана авто жол, дарыяга жакын болгондуктан да эл арасында кооптулук жаратууда. Белгилей кетсек, бул жайда казууга эмес, чалгындоо иштерине гана лицензия берилген. Бирок жергиилктүулөр изилдөо иштерин жүргүзүүгө да каршы болушууда. Нааразычылыкка тургундардын аракетин толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз. (ссылка.)