7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында оорудан каза болду

976

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу жакын санаалаштары билдирди. Драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, кино жана театр режиссёру.  1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.

Мар Байжиев  III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз кинематографиясынын отличниги болгон.

  •  «Балдар бойго жеткенде»,
  • «Эрөөл»,
  • «Эр намысы»,
  • «Ар бир үйдө майрам»,
  • «Кыз-күйөө»,
  • «Алтынчы күнү кечинде»,
  • «Узак сапардагы поезд» пьесаларын жазган.
  • «Эрөөл» пьесасынын сюжетине эки опера түзүлгөн.
  •  «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасын жазган.

Бажиевдин сценарийи боюнча улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз»,

«Өзбекфильм» студиясында «Бөтөн бакыт», «Нөшөр», «Казактелефильм» студиясында «Жаңы жыл алдындагы түн» аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган.

Автордун аңгемелери боюнча башка студияларда дагы кыска метраждуу бир нече көркөм фильмдер ишке ашырылган.

«Акмактардын поезди», «Окуя» көркөм фильмдердин, «Великий эпос» ж.б. документалдуу фильмдерин тарткан. Айрым фильмдери эл аралык фестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыган.

Мар Байжиев Касымалы Жантөшевдин, Тоголок Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон жана «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышын даярдоого катышкан.

Ошондой эле  «Седеп» фондунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты, Кино академиянын президенти болгон. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

977