28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы БШКнын каттоосунан өтүп, талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Анын курамын директорлор жана жумушсуздар — деп эки лагерге бөлсө болот.
Бул ирет партияларга талапкерлердин санын 54төн ашырбоо талабы коюлган. «Бүтүн Кыргызстандын» курамы 53 талапкер менен бекитилди. 19-катардагы талапкер өз арызы менен катышуудан баш тартса, 30-катардагы талапкерди БШК четтеткен.
53 талапкердин 29- эркек, 24- аял. Эң жаш талапкер 27 жаштагы активист Орозайым Нарматова 4-катарда бара жатат. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп тургандардан Эмил Токтошев 11-катарда, Аккулу Бердиев 15-катарда. Жалпысынан жумушсуздардан кийин эле Билим берүү тармагында эмгектенгендер басымдуулук кылат. (23 талапкер жумушсуз).
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, 56 жашта, партиянын төрагасы;
- Масалиев Исхак Абсаматович, 61 жашта, жумушсуз;
- Мамытов Токтокучук (Токон) Болотбекович, 68 жашта, акыйкатчы;
- Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна, 27 жашта, жумушсуз;
- Сманбеков Темирлан Камашович, 64 жашта, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору;
- Сияев Таштанбек Моңолдорович, 60 жашта, Нарын мамлекеттик университетинин профессору;
- Жайчиев Эмиль Аканбекович, 45 жашта, жумушсуз;
- Кожокулова Гуля Акматкуловна, 64 жашта, жумушсуз;
- Барчакеев Бакыт Амангелдиевич, 51 жашта, «Силквей Инвестмент» компаниясынын башкы директору;
- Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович, жумушсуз, мурда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп иштеген;
- Токтошев Эмиль Токтакунович, 47 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Айдарова Айгүл Абдисаламовна, 32 жашта, Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү;
- Эрбаев Алишер Ташбаевич, 48 жашта, УКМКнын аскер кызматкери;
- Тейитбаев Жумадил Бердибекович, 50 жашта, «ОДА ГРАНИТ-9» ЖЧКсында башкы директордун орун басары;
- Бердиев Аккулу Тагаевич, 55 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, 28 жашта, жумушсуз;
- Сарымсаков Белек Адыканович, 64 жашта, ARAS компаниясынын президенти;
- Довлотов Сейитбек, 63 жашта, адвокат;
- Завазиева Наталья Геннадьевна, 32 жашта, жумушсуз;
- Козубаев Алымжан Калыкович, 53 жашта, жумушсуз, Мамлекеттик «Унаа» мекемесинин экс-директору;
- Клименко Илья Петрович, 65 жашта, жумушсуз;
- Берикбаев Санжарбек Турдукулович, 52 жашта, Жалал-Абад облустук «Барпы» театрынын директору;
- Богданова Юлия Алексеевна, 49 жашта, жумушсуз;
- Шерматов Батырали Ташбаевич, 44 жашта, Бишкектеги №9 үй-бүлөлүк медицина борборунда массажист;
- Бекилов Абдишарип Тажимаматович, 45 жашта, жумушсуз;
- Исаков Толкунбек Талипович, 50 жашта, «Кадамжай кенч» ЖЧКда төрага;
- Сапарбекова Мээрим Сапарбековна, 35 жашта, жумушсуз;
- Жаанов Сабырали Козубаевич, 50 жашта, ИИМдин атайын операциялык отрядынын атайын багыттагы полкунда командирдин орун басары;
- Дюшембиева Элиза Бакытовна, 34 жашта, жумушсуз;
- Ибрахимов Эркинбек Исакжанович, 40 жашта, «Төлөнбай-Ата» компаниясынын директору;
- Эшеналиева Назгүл Арстановна, 47 жашта, «Чондолоев Рысбек» жеке ишканасында башкаруучу;
- Шамшидин уулу Замирбек, 30 жашта, Ош мамлекеттик университетинде мугалим;
- Сүйүнбаев Эркинбек Токобаевич, 49 жашта, жумушсуз;
- Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич, 53 жашта, жумушсуз;
- Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна, 42 жашта, «Интерчейнж Кочкор-Ата» компаниясынын директору;
- Абдумалик уулу Бекмамат, 29 жашта, жумушсуз;
- Абылкасымов Нуржан Кенжебекович, 28 жашта, «Металлэксперт» ЖЧКсынын башкы директору;
- Кудаяров Сагынбек Сапарбаевич, 34 жашта, жумушсуз;
- Алибаева Айгерим Абдижалиловна, 27 жашта, жумушсуз;
- Жапаралиев Улукбек Тынчтыкбекович, 29 жашта, «Алтын Тамыр» ЖАКсында башкармалыктын төрагасынын орун басары;
- Абдиллаева Жанаркан Абдиллаевна, 55 жашта, Мамлекеттик салык кызматында улук инспектор;
- Команова Гүлнара Ренатовна, 61 жашта, жумушсуз;
- Момбекова Айгүл Бийзаковна, 51 жашта, жумушсуз;
- Осмонов Сейдали Омарбекович, 59 жашта, жумушсуз;
- Кульматова Мария Александровна, 49 жашта, жумушсуз;
- Ли Антонина Семеновна, 71 жашта, «Шоола-Көл» коомдук бирикмесинин төрайымы;
- Руденко Юлия Владимировна, 44 жашта, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу;
- Омельченко Клим Сергеевич, 31 жашта, жумушсуз;
- Миндиярова Екатерина Андреевна, 34 жашта, Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык патологиялык бюросунда дарыгер-патолог;
- Тротченко Надежда Владимировна, 41 жашта, Улуттук илимдер академиясында кенже илимий кызматкер;
- Масыева Салима Закиржановна, 58 жашта, жумушсуз;
- Айтбаев Акыл Казакович, 56 жашта, Ш. Мусакожоев атындагы инновациялар академиясында доцент.