7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки кабаттуу кафеде жарылуу болуп, имарат күлгө айланды

1674

Казакстандагы Актау шаарындагы эки кабаттуу кафеде катуу жарылуу болуп, имарат толугу менен талкаланды. Азырынча адамдардын жабырланганы туурасында так маалымат айтылат элек. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады.

Кырсык тууралуу маалымат «101» кызматына саат 22.25те келип түшкөн.

Ал жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 17 бригадасы, куткаруучулар жана кырсык боюнча борбордун бир автоунаасы чыгып кеткен.

Ал эми жарылуунун өзүн бир нече жүз метр аралыктагы башка имараттагы видеокамера тартып калган.

Анда жолдон автоунаалар бейкапар кетип бара жатканда жолдун сол тарабынан үрөй учурган жарылуу болгонун көрүүгө болот. Ал ушунчалык катуу жана масштабдуу болгондуктан кайсы имараттын жарылганы билинбей, ал жерди чаң менен жалын басып калган.

Маалыматтарга караганда ал жердеги ашкана саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштегендиктен, балким имараттын ичинде киши болгон эмес деген жоромолдор да айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1675