Өлкөдө 11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталып, 118 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 47,
- Чүй облусунда – 35,
- Ош облусунда – 2,
- Ысык-Көл облусунда – 9,
- Жалал-Абад облусунда – 9,
- Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.
Пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктуруп алган.