7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы 9 айда 121 миң кылмыш катталды

547

Өлкөдө ушул жылдын тогуз айында Жазык жана жорук кодексиндеги беренелер менен 121 миң 659 факт катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 121 миң 659 фактынын 117 миң 87си ИИМде катталган. Анын ичинен 66 миң 274 жазык жана 50 миң 813 жорук кодексинин беренелерине ылайык катталып, ал кылмыштардын 63,6% бети ачылган. Паракорчулук 1,5 эсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары 36% көп болду.

Белгилей кетсек, июль айында Улуттук статистика комитети Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда кыйла жогорулаганын кабарлаган. Мекеме Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазгандай, былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548