7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сиз кеңеш берип жүрүп эмне болдук!». Байсалов Текебаевге катуу жооп берди

1433

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясатчы Өмүрбек Текебаевге Facebook баракчасы аркылуу жооп узатты.

(Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди)

Текебаевге жооп: Президенттин Министрлерди чогултуп чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден президент эл көрсүн деп популисттик менен силер окшоп иш кылбайт.

Экинчиден керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4 төрдө телефон чалып же смс менен тапшырмаларды берип турат.

Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат. Муну көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Министрлер калп айттырбайт. Негизги министрлерди бир жумада бир эки жолу эмес, күндө чогултат.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасын күн сайын чакырып, ал аркылуу да бир топ тапшырмаларды берип турат.

Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин.

Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок. Болду эми, жетишет да! Эл дагы баарын көрүп, билип турат. Бийликти жөнү жок сындай берүүгө эч кандай олуттуу жүйөө жок. Негизгиси эл, мамлекет үчүн иш жүрүп жатат. Буйруса, Кыргызстан силердин популисттик кеп-кеңешиңерсиз деле гүлдөгөн мамлекеттердин бирине айланат.

Кыргыз элибиз айкөл, кечиримдүү элбиз да.

Ошол үчүн сиз бүгүн эл аралап талапкер болуп эл алдында сүйлөп жүрөсүз.

Сиз азыр элдин таразасына туруп атасыз. Президент толук мурун болбогондой таза жана айкын шайлоо өткөзүү боюнча тапшырма берди. Эл күбө: эч кымындай административдик ресурс бир да тарапка иштетилбей, кийлигишүү жок эсе! Эл аралык коомчулук да көрүп турат. Бирок, президент жооп бербейт деп эле, аны бир тараптуу каралоого да жол бербейбиз. Түзүлгөн жаңы Өкмөт Конституциялык мандатка ээ. Толук кандуу иштеп атат. Конструктивдүү сын айтылсын. Азыркы абалга кимдер жооптуу экенин Элибиз жакшы билет! Акыйнек айтышып, муруңкуларга шылтай бергенге азыр бир мүнөт убакыт да жок. Ошондой болсо дагы, биз жоопсуз калтырбайбыз ар кандай асылууларды. Эл чечсин кимдики чын. Шайлоонун максаты ошондо эмеспи!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1434