Бүгүн, 15-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 519 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 186 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 544 куб метрге жетүүдө.
