7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КРнын президентине караштуу коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт

482

Бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат.

Өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын  негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери,  бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир 10-00до башталат. Кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

Эске салсак, кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

483