Бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Анда жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги күйүүчү майлардын жана тетиктердин баасы өскөндүгүн эске алуу менен кичи автобустардын жол акысын мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго көтөрүүнү сунуштап, ал эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жол акы токтом күчүнө киргенден тара жогорулайт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында кичи автобустар мектеп окуучулары үчүн 5сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон жол кире алып келет. Бүгүнкү күндө калаада 150дөн ашык кичи автобус (маршрутка) жүргүнчүлөрдү ташып келет.