7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Издөө! Алтынбек Мусаев үйүнөн араба түртүп чыккан бойдон дайынсыз

878

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Мусаев Алтынбек Калмакович 2021-жылдын 13-май күнү үйүнөн араба (тачка) түртүп чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алтынбек бала чагынан бери психикалык жактан жабыркайт, бирок айылдан башка аймактарга чыкпаса үйүн кайра таап келе алат. Ошондуктан, күнүмдүк кара жумуш кылдыруу үчүн адамдар башка аймактарга алып кетип калышы мүмкүн деген да божомолдор бар.

Учурда Мусаев Алтынбек Калмаковичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 см, оң буту ничке болгондуктан басканда сылтып (аксап) басат, оң колу чыканагына чейин күйгөндүктөн күйүктөн калган тактары бар жана сол колуна салыштырмалуу ничке.

Дайынсыз болуп жаткан Мусаев Алтынбек Калмакович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Тел.: 0773 319 018; 0706 931 515; 0773 432 478.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

879