Бишкектеги Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, бул капмада көмүр лимит менен сатылууда: бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр.

“Лимит сатуучулар тарабынан алып-сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген. Жакынкы күндөрү лимит алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 16 машина көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар”, — деди ал.

Күн мурун президент Садыр Жапаров борбордо көмүрдүн баасы тоннасы 3000 сомго чейин арзандарын убадалаган.