АКШнын Филадельфия шаарында Айсулуу Тыныбекова мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу спортчу кыз өзүнүн инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.
Маалыматка ылайык, Айсулуу кыргызстандыктарды бир жерге чогулткан “Кыргыз ынтымак” фондусуна ыраазычылык билдирип, кыргыз эли ынтымактуу эл экенине дагы бир жолу ынанганын жазат.
» Чынын айтканда, ушундай жылуу тосуп алууну күткөн эмес элем. Баары сонун болду, жолугушууну уюштуруудан баштап, жагымдуу атмосферага чейин. Иш-чара келгендер менен көп нерсени сүйлөшүп, көп нерсени айтып, кызыктуу жана маанилүү суроолорго жооп берүүгө жетиштик. Уюштуруучуларга ушундай сонун жолугушуу үчүн жана мени көрүп, колдоп келгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем!
Айсулуу Тыныбекова Филадельфияда жекшемби күн сайын кыргызстандыктардын балдарына эне тил боюнча сабак өтүлүп жатканын белгилеп кетти.
Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси болгон.