7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жаңы курам бизнес жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүүсү зарыл!

483

Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышууда. Анда ал сөз сүйлөп, Мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүп жатканын, жана бири-бирине карама каршы келген мыйзамдар оңдолуп жаткандыгын баса белгиледи.

“Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин урматтуу мүчөлөрү! Урматтуу өнөктөштөр жана катышуучулар!

Бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийлигинин ортосундагы эффективдүү диалогдун механизми катары Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу демилгемди коомчулук, бизнес чөйрөсү, инвесторлор, илим жана билим берүү мекемелери жапырт колдоого алышты.

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге, бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттерди координация кылуусу жана алардын бирин-бири кайталоосу жоюлуу алдында турат.

Чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды.

Мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты кыска мөөнөттөгү тактикалык маселелерди жүзөгө ашыруу системасын өзгөртүүгө багытталган. Бизнес коомчулугу, жарандык коом, илим жана билим берүү мекемелери мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу иштерди сунушташууда. Көптөгөн демилгелер мыйзамдарга байланыштуу. Ошондуктан, мен 28-ноябрда жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм», — дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484