7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаап, жолдор тайгак болот

736

18-ноябрда айрым аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен , Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
  • Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
  • Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
  • Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;
  • Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус жылуу болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737